Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Ош аймагында турак-жай курууга жер бериле баштайт


Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абат шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчиси, Ошто жер бөлүштүрүү боюнча тармактар аралык комиссиянын төрагасы Жантөрө Сатыбалдиев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, келе жаткан аптада алгачкы миң адамга 100 гектарга жакын жер берилгени турат. Жерлер Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу районунан бөлүнөт. Алгачкы участоктор биринчи кезекте июнь коогасында жабыркагандарга, ооган согушунун жана Баткендеги окуяларынын катышуучуларына ыйгарылат. Жер тилкелерине буга чейин турак-жай үчүн участогу жок адамдар гана ээ боло алышат. Маалыматка ылайык, Ош аймагында жергиликтүү бийликке жерге муктаж 63 миң адамдан арыз түшкөн. Учурда бул тизмедегилердин башка аймактарда жери бар же жок экендиги такталууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG