Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:49

Журналист Элмира Токтогулованы токмоктоп кетишти


Кечээ кечинде журналист Элмира Токтогулованы белгисиз бирөөлөр токмоктоп кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” учурда ооруканада кароодон өтүп аткан журналисттин кесиптеши Индика Кочкарова билдирди. Анын айтымында, кечээ кечинде саат 21:30 чамасында Э.Токтогулова үч жаштагы уулу менен үйүнө кирип бараткан жерден эки киши кол салган. Алар журналистти ур-токмокко алып, колундагы баштыгын тартып алышкан. Кол салгандар журналисттин акчасын, кол телефонун, ачкычын, документтерин тартып алып, баштыкты таштай качышкан. Э.Токтогулова андан соң милиция чакырып, учурда бул факты боюнча иликтөө иштери башталды. (IJz)

XS
SM
MD
LG