Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Кыргыз-тажик чек арасында эки жакта тең адамдар чогулуп турушат


Бүгүн кечки саат 18:30дарда Кыргызстан тараптагы Көк-Таш айылынын бир тургунун Тажикстандын Чоркух айылынын тургундары токмоктоп кетишкен. Буга нааразы болгон көкташтыктардан азыр 100дөй адам чек аранын жанына чогулду. Ал жакта милиция кызматкерлери аларды токтотуп турушат. Тажикстан тарапта да чогулган элди милиция кызматтары тарката башташты.

Бул окуянын алдынан бүгүн түшкө маал кыргызстандык айдоочулардын эки машинесине Тажикстандын аймагында чабул коюлуп, анын артынан эки тараптан эл чогулуп, мушташ чыгып кеткенин да кабарлашкан эле. Окуя Баткен облусундагы “Таш-Тумшук” айылына жакын жердеги чекте Тажикстандын аймагында болгон.

Биздин Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдун айтымында, окуя болгон жерге Баткен облусунун акими Хайтали Айкынов менен Исфара районунун акими Субхомидин Аширов келип, сүйлөшүүлөрдөн кийин жолду ачышкан болчу. (TD)

XS
SM
MD
LG