Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынчыды


Эки жакта тең чогулган жүздөгөн бир аз убакыт мурдараак таркатылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Баткен районунун акими Хаитали Айкынов маалымдады.

Анын алдынан кечки саат 18:30да Кыргызстан тараптагы Көк-Таш айылынын бир тургунун Тажикстандын Чоркух айылынын тургундары токмоктоп кетишкен. Буга нааразы болгон көкташтыктардан 100дөй адам чек аранын жанына чогулган болчу. Ал жакта милиция кызматкерлери аларды токтотуп калышты. Тажикстан тарапта да чогулган элди милиция кызматтары таркатышты.

Бул окуянын алдынан бүгүн түшкө маал кыргызстандык айдоочулардын эки машинесине Тажикстандын аймагында чабул коюлуп, анын артынан эки тараптан эл чогулуп, мушташ чыгып кеткенин да кабарлашкан эле. Окуя Баткен облусундагы “Таш-Тумшук” айылына жакын жердеги чекте Тажикстандын аймагында болгон.

Биздин Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдун айтымында, окуя болгон жерге Баткен облусунун акими Хайтали Айкынов менен Исфара районунун акими Субхомидин Аширов келип, сүйлөшүүлөрдөн кийин жолду ачышкан. Аким Айкыновдун айтымында, кыргыз-тажик күч органдары бүгүнкү окуяларды иликтеп, жаңжал үчүн күнөөлүү адамдарды жазага тартмай болушту. Ошондон кийин эл тарап кетти. (TD)

XS
SM
MD
LG