Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

ЕККУ өкүлдөрү түштүктөгү ынтымакты чыңдоого жардамдашат


Maй айынан тарта Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жыйырма чакты өлкөсүнүн өкүлдөрүнөн турган топ Ош жана Жалал-Абадга келишет. ЕККУнун Оштогу талаа кеңсесинин укук жана саясий маселелери боюнча кеңешчиси Росс Браундун ырасташынча, бул топтор түштүк аймактагы райондордо улут аралык ынтымакты бекемдөө багытында иш алып барат. Алар Ош жана Жалал-Абаддагы тынч абалды чыңдоо үчүн ар кыл маданий, спорттук иш-чараларды өткөрүп, түшүндүрүү аракеттерин жүргүзөт.

Маалыматка ылайык, ЕККУдан келе турган топторго жергиликтүү бийлик кызматкерлери, ар кыл улуттардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да тартылат. Азырынча ЕККУга мүчө өлкөлөрдөн ким, канча убакытка чейин келери такталып жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG