Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Екатеринбургда сегиз кыргызстандык миллицияга түштү


8-апрелде Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз жана өзбек тектүү адамдардын ортосунда жаңжал чыгып, аны жөнгөрүү үчүн келген милиция кызматкерлери 87 чет өлкөлүк жарандарды кармап кетти. Алардын ичинде сегиз кыргыз жараны бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Свердлов облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына таянып билдирди.

Орусияда курулушта иштеген чет өлкөлүк мигранттардын ортосундагы чыр ашканада чыккан. Бул массалык карама-каршылыкка өсүп жеткен эмес. Ушул тапта кармалган адамдар Орусияда кандай негизде жүргөнү тартип коргоо органдары тарабынан иликтенүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG