Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Ас-Садр АКШга айбат жасады


АКШ аскерлери жыл соңуна Ирактан чыгып кетпесе, шииттердин Мехди Армиясы каршылык көрсөтүүнү кайра улантат. Ирактык шииттердин радикалдуу диниятчысы Муктада ас-Садрдын мындай билдирүүсүн анын өкүлү 9-апрелде Багдадда миңдеген садрчылардын алдында окуп берди. Алар Багдаддын борбордук аянтына АКШ баштаган эл аралык күчтөр Саддам Хусейнди бийликтен кулаткандын сегиз жылдыгын утурлай чыгышты.

АКШ коргоо министри Роберт Гэйтс ушу аптада Мосул шаарында болгондо айрым америкалык аскерлер 2011-жылдан кийин да Иракта каларын билдирген. Президент Обаманын планы боюнча, жыл аягына чейин Ирактан АКШ аскерлери чыгарылып кетүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG