Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:57

11-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан-жаайт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 11-апрелде түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Күндүзү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24 градус болот. Баткен облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 0 …5, күндүз 10…15 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16 градус жылуу болмокчу. Тоолордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3 градус болмокчу.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 7…9, күндүз 23…25 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG