Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Жапония зилзала менен цунаминин бир айлыгын белгилөөдө


Жапондор Бишкек убактысы боюнча бүгүн саат 11ден 46 минут өткөндө 11-марттагы кыйракандын курмандыктарын унчукпай туруп эскергени жатат. Эң соңку маалымат боюнча ал күнкү зилзала менен цунамиден 13 миң кишинин өмүрү кыйылганы ырасталды. Күчү 9 баллга жеткен жер титирөө жана анын артынан келген топон суу дүйнөнү 1986-жылы Чернобыль АЭСинде болгон жарылуудан берки эң оор кырсыкка да кабылтты. Кырсыктаган "Фукусима" АЭСинин кызматкерлери Тынч океандын жана абанын радиация менен булгануусун токтотуу боюнча аракеттерин али улантууда. Зилзала менен топон суудан кийинки кайра куруу иштери, эсептөөлөргө караганда, 300 миллиард долларды талап кылат.

Жапон өкмөт башчысы Наото Кан кечээ өкмөт азыр убактылуу жайларда баш калкалап жаткан он миңдеген адамдарды турак-жай менен мүмкүн болушунча тезирээк камсыздоого аракеттенерин убада кылды.

XS
SM
MD
LG