Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

7-апрель окуясы боюнча сот бүгүн болбой калды


7-апрель окуясы боюнча башкы айыпкерлер катары каралып аткан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жана анын жакындарынын адвокаты Ирина Камарда Аскер сотунун дарегине жекече арыз жолдоп, сот процессине төрагалык кылып аткан судья Дамир Оңолбековду алмаштыруу талабын Бишкек шаардык аскер гарнизондук соту канааттандырбай койгонуна даттанды. Буга байланыштуу И.Камарданын арызы Аскер сотунда каралып бүткүчө 7-апрель окуясы боюнча бүгүн улантылмакчы болгон сот процесси кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирет.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, кагылышта 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 аткаминерге жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө кылмыш иши козголгон. Башкы айыпталуучулар катары каралып аткан К.Бакиев баштаган мурдагы ири чиновниктер чет мамлекеттерде жүрүшкөндүктөн, алар сыртынан соттолууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG