Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Жогорку Сот Аскаровдун абалы тууралуу арызды иликтеп жатат


Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев учурда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун абактагы абалы боюнча тийиштүү органдардан алынган маалымат териштирилип жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Өткөн жолку сот жараянында адвокат Нурбек Токтакунов Аскаров кармалган жайдын шартын текшерүү өтүнүчү менен сотко кайрылган болчу. Өтүнүч канааттандырылып Жогорку Сот Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматына расмий кат менен кайрылган. Иликтөө иштери бүтмөйүнчө, ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамга июнь коогасы учурунда Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө", "башаламандык уюштурууга катышкан" деген айыптар коюлуп, өткөн жылдын сентябрь айында Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду жана 5 кишинин үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Аскаров өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG