Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Чукул кырдаалдар министрлиги Ак-Сайдагы абалды тактап жатат


Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Абдишарип Бекилов аталган министрликтин Ат-Башы райондук бөлүмү Ак-Сайдагы абалды тактап-иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын “Азаттыкка” кабарлады. Буга чейин Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү Сары-Иймек, Кароол кыштоолорунда тоют жетпей мал кыргынга учурап жатканы маалымдалган. Аталган кыштоолордо ушул айдын башында кар калың жаап, катуу шамалдын айынан жолдорду күрткү басып калган. Ат-Башы районунун акими Жаныбек Дүйшеевдин билдиришинче, Ак-Сайда 20дай үй-бүлө мал-жандыгы менен кыштайт. Миңге чукул уй-топоз, 1,5 миңден ашуун кой-эчки, жүздөй жылкы багылат. Дүйшеев малчылар менен бирге азыр жем-чөп жеткирүү үчүн унаа даярдалып жатканын билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG