Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Африка биримдиги Ливиядагы кризисти чечүүгө аракеттенүүдө


Ливиялык козголоңчулар Муаммар Каддафи бийликтен баш тартканда гана Африка биримдигинин жарашуу планын караштырышаарын билдиришти. 10-апрелде Триполиде Каддафи менен жолугушкандан кийин биримдиктин делегациясы Бенгази шаарына жол тартты. Топту баштап барган Түштүк Африканын президенти Якоб Зума кечээ күнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин Каддафи жаңжалды токтотуу боюнча “жол картасын” кабыл алганын билдирди. Бирок Ливиянын лидери оппозициянын бийликтен кетүү талабына көнбөй келатат. Африка биримдигинин коопсуздук боюнча комиссары Рамтан Ламамранын айтымында, “жол картасында” ок атышууну дароо токтотуу жана козголоңчулар менен Каддафи өкмөтү ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү каралган. "Албетте өлкөнүн мындан аркы багытын Ливия эли аныктайт",-деди чабарман.

Ал аралыкта НАТО Каддафи күчтөрүнө таандык 25 танкты керектен чыгарганын билдирди.

XS
SM
MD
LG