Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

"Фукусиманын" айланасындагы кооптуу зона кеңейиши ыктымал


Жапон өкмөтү "Фукусима" өзөктүк станциясынын айланасындагы эвакуациялык аймакты кеңейтүүгө даярданууда. Туура 1 ай мурун болгон жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен станциядан 20 километр алыстыкта жашаган эл буга чейин көчүрүлгөн. Радиациянын деңгээли текшерилгенден кийин керек болсо кооптуу делген тилке кеңейтилерин өкмөттүн басма сөз катчысы Юкио Эдано билдирди. Бүгүн Токио убактысы боюнча 14.46да - зилзала болгон саатта, Жапониянын чар тарабында курман болгондорду бир мүнөт үн чыкпай эскеришти. Күчү 9 баллга жеткен жер титирөө жана андан келип чыккан цунамиден 28 миңдей киши набыт болгон же дайынсыз жоголгон, 150 миңдей киши үй-жайсыз калды.

XS
SM
MD
LG