Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

Рок ырчысы Боб Дилан укук коргоочулардын сынына кабылды


Америкалык белгилүү рок-ырчы жана обончу, 69 жаштагы Боб Дилан Вьетнамда алгачкы концерт берди. Жекшембиде Дилан Хо Ши Мин, мурдагы Сайгондо өзүнүн классикага айланган ырларын аткарды. Америкалык аскерлер Вьетнамдан 36 жыл илгери чыгарылганын эскерте кетели. 9-апрелде Бээжиндеги концерттегидей эле бул ирет ал жарандык укуктар үчүн жана антисогуштук кыймылдын гимнине айланган The Times They Are a-Changin жана Blowin' in the Wind деген ырларын ырдаган жок. "Хьюман Райтс Уоч" уюму Дилан коммунисттик режимдердин жетекчилигине репертуарын аныктоого жол берет деп сындашты. Укук коргоочулар рок-жылдыз кытайлык сүрөтчү Ай Вэйвэйге колдоосун билдирген жок деп нааразы болушту. Вэйвэй жакында Кытай бийлиги тарабынан камакка алынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG