Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

Кот д`Ивуардын экс-президенти Лоран Гбагбо туткундалды


Кот д`Ивуардын (Пил Сөөгүнүн Жээги жумуриятынын) мурдагы президенти Лоран Гбагбо бүгүн баш калаа Абижанда кармалды. Франциянын мурдагы колониясы болгон Батыш Африкадагы бул өлкөдө 4 айдан бери саясий кризис уланып келаткан.
Кот д`Ивуардын БУУдагы элчиси Юсуфу Бамба эми Гбагбо сот жообуна тартылат деп билдирди.
Экс-президенттин маалымат өкүлү Гбагбо франциялык аскерлер тарабынан туткундалып, оппозициянын колуна өткөрүлүп бергенин айтты. Ал өткөн ноябрдагы президенттик шайлоодон кийин эл аралык коомчулук тарабынан жеңүүчү деп таанылган Алессан Уаттарага бийликти өткөрүп берүүдөн баш тартып келди.
БУУнун бейпилдик күчтөрү Гбагбону кырдаалды курчутуп жатат деп күнөөлөп, тынчтык орнотуу үчүн франциялык аскерлерден жардам сураган. Франциянын ички иштер министри Клод Геан экс-президенттин кармалышы өлкөдөгү абалды калыбына келтирүүгө көмкөчү болот деп ишенеерин айтты.

XS
SM
MD
LG