Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

АКШда теги пакистандык жаран 23 жылга соттолду


35 жаштагы Фарук Ахмед сотто Вашингтондун метросунда жардыруу жасоо боюнча кутумга катышканын моюнга алды жана өз аракети үчүн кечирим сурады. Анын кадамы тергөө органдары тарабынан "террордук уюмга материалдык колдоо көрсөтүү" катары бааланган. Фарук Ахмед былтыр октябрда ФБР өткөргөн атайын операция учурунда кармалган. Вашингтондун метро бекеттерин иликтеп чыккан Ахмед ФБРдин өздөрүн “ал-Кайиданын” адамы катары көрсөткөн агенттерине жардыруучу заттарды кантип эффективдүү жайгаштыруунун схемасын берген. Расмий өкүлдөр Ахмеддин аракеттеринен коомдук коопсуздукка эч коркунуч келбегенин, ал байкоодо болгондугун айтышкан. Айыпкердин адвокаттары ал радикал-исламчыл сөздөрдүн таасири астында жүргөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG