Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Беларус бийлиги жардырууну даярдагандарды табууга сөз берди


Минск шаарынын метросунда кечээ жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат алтыларда болгон жарылуудан 12 адам өлүп, 150дөй киши жаракат алды. Бийликтер метронун президенттин кеңсесине жакын жайгашкан "Октябрь" бекетинде болгон жарылууну террордук акт деп мүнөздөштү. Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Президент Александр Лукашенко окуяны Беларусту дестабилдештирүү аракети катары баалап, ага чет өлкөлүктөр да тартылган болушу ыктымалдыгын жокко чыгарбады. Ал жардыруудан кийин чукул өткөрүлгөн жыйында мындай деди:

- Эркектер, бизге олуттуу чакырык ташталганын эле айтып койгум келет. Бул өтө олуттуу чакырык экенин моюнга алуу абзел. Буга адекваттуу жооп берүү зарыл. Ага жооп табылышы керек

Лукашенко сыналгы аркылуу беларустарды жардырууну жасагандарды аныктоодо тергөөчүлөргө жардам берүүгө да чакырды. Ал ошондой эле кечээги окуянын буга чейин Минскиде, 2008-жылдын июлунда президент катышкан концертте болгон жарылуу менен байланышына ишара кылды. Анда 50дөй киши жаракат алган. Бирок бул окуяга байланыштуу кимдир бирөөлөр кармалганы айтылган эмес.

Беларуста былтыр декабрда болгон президенттик шайлоодон бери чыңалуу өкүм сүрүүдө. Анда Лукашенконун кайра шайлануусунан кийинки демонстрацияны полиция күч менен басып, жети жүздөй киши, анын ичинде президенттикке талапкер болгон жети саясатчы камалган.

XS
SM
MD
LG