Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Бакиевдин бийлиги тушунда 30 буйрутма киши өлтүрүү болгон


Бул тууралуу 2010-жылдын апрель жана июнь айларындагы коогалаңды ар тараптуу иликтөө жана ага баа берүү максатында түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын кортунду документинде айтылган.

Аталган комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев билдиргендей, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда бир катар саясатчылар, журналисттер жана ишкерлер буйрутма жол менен өлтүрүлгөн. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Тынычбек Акматбаев, Руслан Шаботоев, Санжарбек Кадыралиев, президенттин администрациясын башкарып турган Медет Садыркулов болгон. Өлтүрүлгөн журналисттердин арасында Алишер Саипов, Алмаз Ташиев, Геннадий Павлюк, Юрий Александров болгон. Ошондой эле Бакиевдин башкаруусу тушунда белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов, ишкер Абдалим Жунусов, белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев жана "кылмыш дүйнөсүнүн таасирлүү өкүлү" деп эсептелген Рысбек Акматбаев да өлтүрүлгөн. (IJz)

XS
SM
MD
LG