Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Спортчуларга окуу жайларга өтүүдө жеңилдик берилиши ыктымал


Бүгүн Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты комитети спортчуларга орто жана жогорку окуу жайларга өтүүдө жеңилдик берген мыйзам долбоорун карап жактырды. Долбоорду парламенттин талкуусуна алып чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды. Мыйзам долбоордун демилгечиси, Жаштар саясаты, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова баяндама жасап, уюшма кылмыш топтору негизинен спортчулардан түзүлөрүн, анткени айрымдар спорттук карьерасы аяктаган соң тиешелүү орто жана жогорку билими болбогондуктан ишсиз калаарын, аларга кесибин өзгөртүүгө мамлекет кол кабыш кылышы керектигин билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG