Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

«Фукусима-1» ишканасындагы кооптонуу эң жогорку чегине жетти


Жапониянын өзөктүк кубат коопсуздугу агенттиги зилзала менен топон суудан кырсыкка кабылган «Фукусима Дайичи» өзөктүк кубат ишканасындагы кооптуу кырдаал өзөктүк сыноолордун эл аралык өлчөмү боюнча эң жогорку чегине - жетинчи даражага жетти деп баалады.

Бул көрсөткүч «радиоактивдүү заттардын адамдын саламаттыгына жана айлана чөйрөгө таасири өтө кеңири» дегенди билдирет.
25 жыл мурун Чернобыл кырсыгындагы кооптуу кырдаал дагы 7-даража деп бааланган эле.

Буга чейин «Фукусима Дайичи» ишканасындагы кырсыктын деңгээли 5 деп бааланып жаткан. Өзөктүк ишкананын реакторлорунан чыккан радиоактивдүү ууланууну бүгүнкү күнгө чейин токтотууга мүмкүн болбой жатат.

11-мартта Жапониядагы 9 баллдык зилзала менен топон сууда «Фукусима Дайичи» ишканасынын муздатуу системасы иштен чыккан. Табигый кырсыкта 28 миңге чукул адам жабыр тартты.

XS
SM
MD
LG