Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Москва: аялдамада жарылуу болгону божомолдонууда


Орусиянын ордо шаары Москванын батышындагы коомдук унаа токтогон аялдамада жарылуу болгонун «Интерфакс» агенттиги күч түзүмдөрүндөгү өз булактарына таянып кабарлады. Алгачкы маалыматтар боюнча эч ким жабыркаган жок.

Жарылуу Рябиновая көчөсүндө орун алган. Окуя болгон жерге келген оперативдүү топ кара жолдо 10-15 см тереңдикте оюкту табышты.

Айрым маалыматтарда аялдамада жарылуу болгон десе, башка кабарларда жер алдындагы жогорку чыңалуудагы кабел ажырап кеткени божомолдонууда.

XS
SM
MD
LG