Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Катарда Ливия боюнча жыйын өткөнү турат


Борбор Доха шаарында бүгүн Ливия лидери Муаммар Каддафинин күчтөрү менен НАТО колдогон козголоңчулар ортосундагы жаңжалга карата эл аралык мамилени координациялоону көздөгөн байланыш тобу жыйналууда. Анда ливиялык козголоңчулардын Каддафини кулатуу үчүн эл аралык колдоо издеп жаткан Улуттук өткөөл кеңешинин мүчөлөрүнүн билдирүүсү да угулары күтүлүүдө. Бул Улуттук кеңешти Ливиянын мыйзамдуу бийлиги катары Катар, Франция, Италия тааныган.

Бүгүнкү жыйынды утурлай Франция менен Британиянын НАТОну козголоңчулардын Каддафинин күчтөрүнүн чабуулуна туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн көтөрүү үчүн аба соккуларын күчөтүүгө чакырды.

Катардагы бүгүнкү жыйын Африка союзунун ок атышууну токтотуу боюнча ортомчулук аракети оңунан чыкпай калгандан кийин өтүп жатат. Анткени козголоңчулар тарап Каддафинин бийликтен дароо кетишин талап кылган.

XS
SM
MD
LG