Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Укук коргоочулар: соттук териштирүүлөрдө укук бузуулар бар


Президент Роза Отунбаева кечээ өлкөдөгү укук коргоочулар тобу менен жолугушуп, 2010-жылдын июнь айында Ош, Жалал-Абад облусунда болгон коогалаң боюнча соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Укук коргоочулар жабыр тарткандардын туугандары тарабынан соттолуучуларга, судьяларга кысым көрсөтүлүп жатканы, айрым тергөөчүлөрдүн процессуалдык нормаларды бузганы, тергелип жаткан адамдарга ар түрдүү кыйноолорду колдонуп жатканы туурасында фактылар бар экендигин белгилешти. Бул маалыматтар камтылган документтер жолугушууга катышып отурган президенттин аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине берилди.

Жолугушуунун катышуучулары атайын тергөө комитетин түзүүнүн зарылдыгына мамлекет башчысынын көңүлүн бурушту. Алардын ою боюнча, прокуратура бир эле мезгилде тергөө иштерин жүргүзүп, ошол эле учурда тергөө иштеринин жүрүшүндө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ болушу туура эмес.

Президент жолугушуунун катышуучуларын адам укуктарын коргоо жаатындагы абалды жакшыртуунун жолун жана механизмдерин биргелешип издөөгө чакырып, тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө укук коргоочулар берген материалдарды тыкыр изилдеп, алар боюнча көрүлгөн чаралар туурасында маалымат берүүнү тапшырды.

Жолугушууга “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова, “Ачык позиция” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Дмитрий Кабак, "Көз карандысыз укук коргоочу топ" уюмунун жетекчиси Нурбек Токтакунов, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчисинин орун басары Гүлшайыр Абдирасулова катышты. (IJz)

XS
SM
MD
LG