Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

АКШ мамлекеттик катчысы араб өлкөлөрүн реформа жүргүзүүгө чакырды


Хиллари Клинтон араб өлкөлөрүн элдик толкундоолор Тунис менен Египеттин узактан берки башкаруучуларын бийликтен кулатышынын соңунан саясий, экономикалык реформаларга барууга Вашингтондо АКШ – Ислам дүйнөлүк форуму учурунда жасады.

Мындай форум жыл сайын өтүп турат. АКШ мамлекеттик катчысы белгилегендей, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү саясат менен экономикада нукура реформаларды жүргүзөр- жүргүзбөсү азырынча белгисиз болуп турат. Клинтон Жакынкы Чыгыштын “узакка созулган кышы эрий баштаганын” белгилеп, буларга токтолду:

- Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын эли аймактын азыркы саясий, экономикалык, саясий көйгөйлөрүн чечүү үчүн жаңы жана ар тараптуу мамиле жасайбы? Акыркы апталардын ийгиликтери бекемделип, мүмкүнчүлүктөргө жана татыктуу жашоого ээ болуу боюнча узактан бери четке кагылып келинген максат-мүдөөлөргө көңүл бурулабы? Же биз бул форумда бир, беш же он жылдан кийин кайра жолукканда реформалардын келечеги жоголгонуна күбө болуп, бул учурду чөлдөгү кыялдай гана эстейбизби?

Клинтондун айтымында, президент Барак Обаманын администрациясы арабдар менен Израилдин ортосундагы тынчтыкка жетишүү боюнча жаңы аракеттерди пландоодо. "Американын Жакынкы Чыгыштагы түпкү кызыкчылыктары менен баалуулуктары мурдагыдай эле. Алар: адам укуктарын коргоо, Ирандан келген коркунучка каршы туруу, “ал-Кайиданы” жана башка экстремисттерди жеңүү",-деди Клинтон айым.

АКШ мамкатчысы кошумчалагандай, президент Барак Обама Вашингтондун Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы саясаты боюнча жакынкы апталарда кеңири айтып берет.

XS
SM
MD
LG