Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Мексикада 116 адамдын сөөгү табылды


Жүз он алты адамдын сөөгү АКШ – Мексика чек арасынан алыс эмес, чогуу көмүлгөн жеринен табылды. Өлкөнүн башкы прокурору Марисела Моралес бул окуя үчүн маңзат соодагерлердин "Зетас" деп аталган кылмыштуу тобун айыптады. Бийликтер бул топту адамдарды өлтүрүүгө маңзат сооданын АКШны көздөй жолун көзөмөлдөө үчүн барган деп шек саноодо. Кылмышка тиешеси бар деген шек менен 17 киши камакка алынган. Маалыматтарга караганда, Мексикада 2006-жылы бийликтер наркокылмышкерлерге каршы аскерий өнөктүк баштагандан бери 35 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG