Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Клинтон араб өлкөлөрүн реформага чакырды


АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон нагыз өзгөрүш болбосо, «Араб жазы» эч кандай майнапсыз кала берээрин белгиледи. Вашингтондо жылына өтүүчү америкалык-исламдык дүйнөлүк форумда сүйлөгөн сөзүндө Клинтон «узак араб музу» эрий баштаганын белгилеп, бирок буларды кошумчалады:

- Эбактан берки саясий, экономикалык, социалдык көйгөйлөрү чечүү үчүн Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада элдер жана алардын жетекчилери жаңы, эл көбүрөөк тартылган жол тандап алабы? Алар акыркы жумалардагы жылыштарды текке кетирбей, узак мезгилден бери басмырланып келген укуктарды жана мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурулабы? Же биз кайрадан бул форумда бир жылдан, беш, он жылдан кийин чогулганда реформанын келечеги буулуп, бул чөлдөгү илме-кайып болгон деп эстейбизби?

Клинтон Обаманын администрациясы арабдар менен Израилди элдештирүү боюнча жаңы демилге менен чыгаарын кошумчалап, Американын Жакынкы Чыгыштагы башкы кызыкчылыктары адам укуктарын колдоо, Ирандын коркунучу менен күрөш жана Ал-Каида өңдөңгөн экстремисттик уюмдарды жеңүү экендигин айтты.

XS
SM
MD
LG