Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Премьер-министр Бабановдун өтүнүчүн канааттандырды


Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөт башчысына убактылуу кызматтан четтетүү тууралуу сунушун билдирери менен премьер-министр Алмазбек Атамбаев аны канааттандырган чечимин чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Өмүрбек Бабанов башкы прокурордун мурдагы милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов жана айрым депутаттар ага олуттуу айыптоолорду тагышканын, андыктан депутаттык комиссия өз чечимин чыгаргыча кызматын таштап турууну чечкенин билдирүүдө.

Ал эми премьер-министр болсо мурдагы баш прокурор Байболов берген маалыматтарды иликтөө боюнча Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия буга чейин эле түзүлгөндүгүнө таянып, дароо эле Бабановдун ыйгарым укуктарын бир айлык мөөнөткө, ушул жылдын 14-майына чейин убактылуу токтотуу чечимин чыгарды. Эми биринчи вице-премьер-министрдин ыйгарым укуктары премьер-министр менен калган вице-премьер-министрлердин арасында бөлүштүрүлмөкчү. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү депутаттарга бул боюнча ырасмий түрдө маалымдамакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG