Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Өзбек чек арачылары кыргыз жаранын кайтарып берди


Кечээ Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачылары сүйлөшүү жүргүзүп, натыйжада өзбек тарап “Маданият-автодорожный” өткөрмө бекети аркылуу Ноокен районунун Чек айылынын тургуну У. Халматовду өткөрүп беришти. Сүйлөшүүгө кыргыз тараптан Жалал-Абад облусунун чек арачылары, өзбек тараптан Пахта-Абад районунун чек арачылары катышышты.

Кыргызстандын жараны Халматов 3-апрель күнү чек арадан мыйзамсыз өтүү маалында Өзбекстандын чек арачыларынын талаптарына баш ийбей коюп, бутуна ок жеген. Жаракат алган кыргыз жараны Өзбекстандын Пахта-Абад райондук ооруканасына жаткырылган. Кийин Халматов Өзбекстандагы туугандарына баратканын айткан. (IJz)

XS
SM
MD
LG