Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Ырасмий Бишкек Орусиядан 37 млн. доллар грант сурады


Орусия өкмөтүнө мындай өтүнүч менен биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган делегация Москвага болгон иш-сапарында кайрылган. Бул тууралуу Бабанов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Орусиядан сурап аткан 37 миллион доллар каражат бюджетти бекемдөө үчүн керек болууда. Ошондой эле Кыргызстан ырасмий Москвадан ЕврАзЭСтин антикризистик корунан кредит алуу тууралуу арызын колдоп берүүнү да суранууда. Андан тышкары эки тарап “Дастан” заводунун акцияларын берүү шарты менен Кыргызстандын Орусияга болгон карызын кечип салуу маселеси тууралуу да сүйлөшүшкөн.
(IJz)

XS
SM
MD
LG