Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Апрель окуясында мерт болду делген Максымбековдун тирүү экени далилденгени айтылууда


Депутат Алтынбек Сулайманов, 7-апрелде каза болду делген Маралбек Максымбековдун тирүү экендиги, ал Екатеринбург шаарында иштеп жатканы аныкталганын Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, ал жакында журналисттерди Екатеринбург шаарына жөнөткөн. Алар маалыматты тастыкташып, Максымбековдон интервью алып, видеого тартып кайтышкан. Анда Максымбеков 7-апрелде Кыргызстанда болбогонун, өлгөндөрдүн тизмесине кандайча кошулуп калганын билбей турганын айткан.

Парламенттеги жыйында бул маалыматтар депутаттарга көрсөтүлүп, бардык материалдар иликтөө үчүн Башкы прокуратуга жөнөтүлдү. Натыйжада Максымбековдун ордуна кимдин сөөгү коюлганы такталууга тийиш.

“Республика” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов 7-апрелде окко учту деген 87 адамдын бирөө Орусияда иштеп жүргөнүн алгач 31-мартта билдирген болчу. Азырынча Башкы прокуратура бул жагдайды тастыктоочу маалымат бере элек.

Буга чейин апрель курмандыктарына берилген миллион сом акчаны Максымбековдун уулу Эрланбек Максымбеков алганы, ал эми батир берүү иши убактылуу токтотулганы кабарланган.(KKs)

XS
SM
MD
LG