Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Британия менен Франция Каддафиге каршы аба чабуулдарын күчөтүүнү макулдашты


Аталган эки өлкө Ливияда Муаммар Каддафинин режимин кулатууга аракеттенип жаткан козголоңчуларга жардам берүү үчүн Каддафинин күчтөрүнө каршы аба соккуларын күчөтүүнү макулдашканын француз тарап билдирди. Мындай жарыя британ өкмөт башчысы Дэвид Камерон менен француз президенти Николя Саркозинин Париждеги кечээги сүйлөшүлөрүнөн кийин жасалды.

АКШ НАТОнун абадан жүргүзүп жаткан өнөктүгүнө катышуусун азайткандан бери аба соккуларынын көбүн Британия менен Франциянын учактары жасоодо. Бирок акыркы апталарда НАТОнун аба соккулары тараза ташын козголоңчулар тарапка оодара алган жок, ошондой эле Каддафинин күчтөрүнүн чабуулун да токтото албады. Операцияга тартылган батыштык учактардын санын көбөйтүү маселеси НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин бүгүн Берлинде ачылуучу эки күндүк жыйынында талкууланары күтүлүүдө.

Мунун алдында Ливия боюнча эл аралык байланыш тобунун кечээ Катарда өткөн жыйынын катышуучулары Каддафини бийликтен баш тартууга чакырышты. Анын жыйынтыктоочу билдирүүсүндө “Каддафи жана айланасы легитимдүүлүгүн жоготту жана ливиялыктарга өз келечегин өздөрү аныктоосуна мүмкүндүк бериши керек”,- деп белгиленет. Билдирүүдө ошондой эле ливиялык козголоңчуларга каржылык жардам көргөзүүнүн утурумдук механизмин түзүү жагы макулдашылганы да айтылат. Жыйында тең төрагалык кылган Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг буларга токтолду:

-Улуу Британия Ливиядагы оппозияга колдоо- материалдык жардам көргөзүүдө. Сөз эч кимдин өмүрүнө коркунуч туудурбаган жабдуу- телекоммуникациялык жабдуу жөнүндө жүрүп жатат. Биз бул жүктү жөнөттүк. Биз берүүгө ниеттенген дагы башка жүктөр болот.

Ливиялык козголоңчулардын жыйынга катышкан өкүлдөрү болсо НАТОну Каддафинин күчтөрүнүн турумдарына каршы аба соккуларын күчөтүүгө үндөштү.

Жыйындан соңунан таратылган билдирүүдө ливиялык козголоңчуларга каржылык жардам көргөзүүнүн утурумдук механизмин түзүү жагы макулдашылганы да айтылат. Козголоңчулардын жыйынга катышкан өкүлдөрү болсо эл аралык коомчулукту аларды курал жана башка жабдыктар менен камсыздоого үндөштү.

XS
SM
MD
LG