Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Түндүк Корея америкалык жаранды камакка алганын жарыялады


Таратылган расмий маалыматка караганда, эми ага айып тагылганы жатат. Ал кандай кылмыш үчүн айыпталары белгисиз. Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, былтыр ноябрда кармалган Юн Ен Су өз күнөөсүн мойнуна алган.

Ушул апта башында АКШнын Мамлекеттик департаменти Түндүк Кореяда америкалык жаран камакка алынганын белгилеп, Пхеньянды аны гумандуулук жүйөөсүнөн улам бошотууга чакырган эле.

Бул - америкалык жарандын Түндүк Кореяда кармалышы боюнча соңку окуя. 2009-жылдан бери кармалган америкалык жарандардын бошотулушуна жетишүү үчүн мурдагы президенттер Билл Клинтон менен Жимми Картерге Пхеньянга барууга туура келген. 1950-53 –жылкы корей согушунда Түштүк Корея тарапта согушкан АКШнын Түндүк Корея менен дипломатиялык алакасы жок.

XS
SM
MD
LG