Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Нарын облусунда 191 дыйканга тогуз пайыздык кредит берилди


“Фермерлерге жеткиликтүү кредиттер” долбоорунун алкагында “Айыл Банк” жана РСК банктары аркылуу Нарындагы 191 дыйканга кредит берилди. Бул тууралуу Нарын облусттук мамлекеттик администрациясынын Айыл-чарба бөлүмүнүн башкы адиси Кубан Оторбаев “Азаттыкка” маалымдады. Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпы 362 дыйкан кредит алууга кайрылган. Ушул убакытка чейин берилген кредиттин жалпы суммасы 21 531 сомду түзөт.

Айыл-чарба министрлигинин 7-апрелдеги маалыматтары боюнча Кыргызстан боюнча 194 миллион сом өлчөмүндө тогуз пайыздык кредит берилген. Өкмөт айыл-чарбасына колдоо көрсөтүү үчүн бир миллиард сом бөлгөн болчу. (ErB/KKs)

XS
SM
MD
LG