Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Реформаторлорду бириктирген “Кесилиш клуб” ишин баштады


Жаңыланууну көздөгөн жаш реформаторлор менен саясатчыларды бириктирген “Кесилиш клуб” ишке кирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган клубду түзүүнү демилгелеген топтун мүчөсү, парламент депутаты Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, бул клубдун алкагында активдүү, жаш реформаторлор - белгилүү саясатчылар, депутаттар, ишкерлер, адистер менен бирге өлкө алдында турган маанилүү маселелерди талкуулап, өлкөнү өнүгүүгө түртө турган сунуштарды иштеп чыгышмакчы.

“Кесилиш клуб” 16-апрель күнү Бишкектеги “Орусия” аттуу ишкердик борборунда чогулуп, алгачкы талкуусун өткөрөт. Талкуунун алгачкы темасы: “Кыргызстандын өнүгүү жолу кандай?? Либерализм, улутчулдук же исламбы?” деп аталды. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG