Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Бишкектин жаңы конуштары арасында футболдук мелдеш өтөт


Бүгүн Бишкектеги “Дордой” спорт комплексинде жаңы конуштардын арасында футбол боюнча мелдештин жарым финалы жана финалы өтөт.

Түшкө чейин “Ак өргө” жана “Келечек”, “Эне-Сай” жана “Ак босого” командалары беттешип, жеңген командалар түштөн кийин финалдык беттеште жолугушат, ал эми жеңилгендери үчүнчү орунга ат салышат. Мелдеш башталганда жаңы конуштардан жалпы 16 команда чыккан болчу.

Аталган мелдешти “ЭрЭп” бейөкмөт уюму уюштуруп, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү долбоору колдоого алган. “ЭрЭп” уюмунун жетекчиси Мирзат Ажиев “Азаттыкка” билдиргендей, футболдук мелдештен тышкары бүгүн жаңы конуштардын жаштары үчүн спорттук жарманке да пландалган. Иш-чара жаңы конуштардын жаштарын коомдук турмушка жандуу катыштыруу максатында уюштурулууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG