Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

БУУнун трибуналы бүгүн хорват генералдарынын иши боюнча өкүм чыгарат


Хорватиянын мурдагы үч генералы: Анте Готовина, Иван Чермак, Младен Маркач мурдагы Югославия ыдырап жаткан кезде сербдерди өлтүргөнү, куугунтуктаганы, депортациялаганы үчүн айыпталууда. Алар 1995-жылы сербдер көзөмөлдөп турган Краина шаарын алуу боюнча операцияга катышкан. БУУнун аскерий кылмыштар боюнча Гаагадагы трибуналынын прокурорлору үч генералды 17 жылдан 27 жылга чейин эркинен ажыратууну суранууда. Хорватияда болсо аларды баатыр катары эсептешет. Өлкө борборду Загребде трибуналда өкүм угузулган учурду түз алып көргөзүү үчүн ири телеэкрандар орнотулду. Кечээ кечинде соттолуп жаткан генералдарга колдоо көргөзгөн жүрүш өттү.

XS
SM
MD
LG