Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Кыргызстандык теннисчилер иорданиялыктарды утуп алышты


“Дэвис” кубогу үчүн өтүп жаткан чоң теннис боюнча мелдеште кыргызстандык курама иорданиялык теннисчилерди 2:1 эсебинде утуп алды. Мелдеш Бангладештин Дакка шаарында 14-апрелде болуп өттү. “Дэвис” кубогунун расмий сайты маалымдагандай, Кыргызстандын атынан катышып жаткан оюнчулар Данияр Дулдаев менен Денис Сиротин каршылашын утуп алса, Евгений Бабак жеңилип калган. Кыргызстандык теннисчилер эми Катар өлкөсү менен күч сынашат.

Буга чейин кыргызстандыктар бахрейндик теннисчилерди да утуп алышкан. Кыргызстандын теннисчилеринин бул жолку мелдештери 16-апрелге чейин созулары белгиленген.

“Дэвис” кубогу чоң теннис боюнча эркектер арасында дүйнөдөгү ири мелдеш болуп саналат. Бул мелдеш жыл сайын Эл аралык теннис федерациясы тарабынан өткөрүлүп келет. Бул жылкы мелдеш 100-жолу уюштурулуп жатат.

“Дэвис” кубогу ар кыл топторго жана деңгээлдерге бөлүнгөн командалар арасында өткөрүлөт. Ар бир топтун жеңүүчүлөрү жана утулган командалар кийинки сезондо башка деңгээлге өтүп ойношот. Биринчи деңгээл мыкты командалардын турган Дүйнөлүк топ болуп саналат. Кийинки деңгээлдер Америка, Европа/Африка жана Азия/Океания деген аймактарга бөлүнгөн. Ар бир аймак төрт топтон турат. Алдыңкы эки топ олимпиялык эрежелер боюнча, калган эки топ айлануу системасы боюнча оюн ойношот. Бир топтон жеңүүчү болгон өлкө жогорку деңгээлге чыгып ойнойт. Кийин алар дүйнөлүк топтун жеңилген командалары менен күч сынашып, дүйнөлүк топто ойногонго укук алуусу керек. Ошондон кийин гана “Дэвис” Кубогу үчүн ат салышуу болот. Кыргызстан азыр Азия аймагынын төртүнчү тобуна ойноп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG