Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Транзиттик борборго май ташуу боюнча келишим толугу менен жактырылды


Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборун күйүүчү май менен камсыз кылуу тууралуу келишимди экинчи, үчүнчү окууда да ратификациялады. Ага ылайык, транзиттик борборго келүүчү күйүүчү майдын элүү пайызын кыргыз-орус тарап биргелешип түзгөн “Газпром-нефть-Аэро” ишканасы ташыйт. Жыл сайын мамлекеттик казынага 23 миллион доллар өлчөмүндө каражат түшүп турат.

Транзиттик борборго күйүүчү май ташуу боюнча келишимге ушул жылдын 8-февралында Энергетика министри Аскарбек Шадиев жана АКШнын Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлү Ларри Маммот Бишкектеги мамлекеттик “Манас” ишканасынын имаратында кол коюшкан. Шадиев парламентте билдиргендей, бул келишимди АКШ өкмөтү жактырган. (KKs)

XS
SM
MD
LG