Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

"Ата-Бейитке" Максымбеков деп кимдин сөөгү коюлган?


7-апрелде окко учкандардын сөөгүн жерге берүү учурунан. Бишкек, "Ата-Бейит", 2010-жылдын 10-апрели.
7-апрелде окко учкандардын сөөгүн жерге берүү учурунан. Бишкек, "Ата-Бейит", 2010-жылдын 10-апрели.

7-апрелде курман болду делген Маралбек Максымбековдун тирүү экени аныкталган соң анын ордуна ким коюлганы коомчулукта кызыгуу жаратууда.

"Азаттык" дал ушул маселеге байланыштуу апрель окуясында курман болгондорду жерге берүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевге бир канча суроо узатты.

- Каныбек мырза, 7-апрелде курман болгондорду жерге берүү боюнча комиссиянын төрагасы катары айтсаңыз, маркумдардын тек жайын кантип аныктадыңыздар эле?


- Биринчи, соттук медициналык экспертиза бар, ошол жакта укук коргоо органдарынын иликтөө кызматкерлери менен биргеликте атайын республикалык морг, ал жакка каяктан келип түштү, эмне себептен курман болгон, анан үчүнчү маселе, туугандары аркылуу аты-жөнүн тактоо процедураларын жүргүзөт да. Алар «ооба, бул 7-апрель күнү борбордук аянтта курман болгон, ошол жактан келген, же ооруканада жатып курман болуп келген» деп, экинчиден, ал мылтыктын огунан курман болгону аныкталгандан кийин, туугандары таанып кеткенден кийин бизге аты-жөнү келет. Анан биз курман болгондордун жалпы тизмесине киргизип, калган иш чараларын көрүп баштаганбыз.

- Демек туугандары таанып кеткен боюнча эле аныкталган турбайбы?

- Ооба, туугандары таанып кетип атса анан кантип бербейсиң...

- Документтери такталды беле?

- Документтер менен такташат да. Ал жакта соттук-экспертиза боюнча атайын адистер иштейт да. Ал комиссиянын иши эмес.

- Маралбек Максымбеков делип "Ата-Бейитке" коюлган сөөктү кантип тактадыңыздар?

- Аны биз тактабайбыз, соттук-медициналык экспертиза бар. Анан бир киши аягында таанылбай, улам-улам телевизордон кетип атпады беле? Ошондо Ала-Букадан баласы таанып, «Баласы мен болом, бул менин атам. Агам Россиядан келет» деп айткан. Анан агасы Россиядан келип, экөө сөөктү таанып, кол коюп берген. Соттук-медициналык экспертизада колдору, бүт документтери бар. Азыр иликтөө жүрүп жатат.

- Ал берген дарегинде жок болуп чыгып жатпайбы?

- Ал нерсе эми анын жеке уятындагы иш да. «Менин атам» деп сөөгүн таанып атса, морг кантип бербейт? Морг берүүгө аргасыз да.

- Ал эми курман болгондордун жакындарына 1 миллион сомдон колдоо иретинде берилген акча кандай тартипте таратылды?

- Бул боюнча комиссия иштеген эмес. Жалпы тизмеге киргизилгенден кийин, аны атайын өкмөттүн токтому менен социалдык агенттиктин жетекчисинин орун басары, каржы министринин ал учурдагы орун басары Нышанов мырза кол койдуруп, туугандарынын көзүнчө жоопкерчилик менен мамиле кылган.

- Мына эми Маралбек Максымбековдун тирүү экени аныкталды, анын ордуна ким коюлуп калгандыгы тууралуу сизде маалымат барбы?

- Жок. Мурунтан эле соттук-медициналык экспертиза, атайын иликтөө жүрүп жатат. Себеби, коюлган адамдардын анализдери калыш керек да. Эрежеси ошондой. Ансыз деле бул иш соттук иликтөөдө. Бул кайсы аймакка тийиштүү? Биринчи май районунабы же Свердловскийгеби? Ошол районго караштуу укук коргоо органдары тергөө амалдарын жүргүзүшөт.

- Эми аны кантип аныктоо керек, эксгумация кылуу керекпи?

- Аны соттук-медициналык экспертиза чечет. Бул атайын адистердин жана укук коргоо органдарынын иши. Алар бул боюнча иштеп атышат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG