Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Апрель окуясы боюнча сот 18-апрелде уланат


Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, апрель окуялары боюнча айыпталып жаткан Бакиевдердин жактоочуларынын бири Ирина Камарда ишти карап жаткан судья Дамир Оңолбековго ишеним көрсөтпөө өтүнүчү менен 5-апрелде Аскер сотуна кайрылган. Аскер соту бул өтүнүчтү 12-апрелде карап, четке каккандыктан, апрель соту эч өзгөрүлбөгөн соттук курам менен 18-апрелде улана турган болду.

Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү 18-марттан бери Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбековдун жетекчилиги менен кайрадан териштирилип жатат. Бакиевдердин жактоочулары буга чейин бир топ жолу судьяга ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүчүн билдиришкен.

Бул соттук териштирүүдө өткөн жылдын апрелиндеги ок атууларга байланыштуу жыйырмадан ашык аткаминер айыпталып жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG