Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

Жекшембиде Ош, Баткен, Таласта жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт


Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү Абдымомун Мамараимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, ушул жекшемби күнү Баткен, Ош жана Талас облустарындагы 13 айылдык округдун жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо өтөт. Мындай шайлоо аталган айылдык округдар жаңы түзүлгөнүнө байланыштуу болуп жатат. Анда жалпы 171 мандат үчүн 376 талапкер ат салышууда. Бул тарапкерлердин жарымына чукулу саясий партиялардан көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, шайлоо өткөрүү үчүн даярдыктар жыйынтыкталууда. БШК участкалык комиссияларын эки күндүк окуудан өткөрдү.

Февраль айында президент Роза Отунбаева Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо тууралуу жардыкка кол койгон. Ага ылайык, Ошто Кара-Кулжа менен Кеңеш айылдык окуругунун, Кара-Сууда Сары-Колот менен Отуз-Адыр айылдык округунун жана Ноокатта Насирдин Исанов менен Көк-Бел айылдык округунун, Баткен облусунда Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык округдарынын, Таластагы Кара-Буура районунда Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык округдарынын кеңештерине шайлоо өтөөрү белгиленген. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG