Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Акыйкатчынын баяндамасы парламенттин кийинки отурумдарында талкууланат


Мындай чечим Жогорку Кеңештеги депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынды. Бүгүн парламентте Акыйкатчы Турсунбек Акун 2010-жылдагы Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамасын жарыя кылган. Аны талкуулоо башталарда депутат Курмантай Абдиев акыйкатчынын аракеттерине байланыштуу түзүлгөн комиссия корутундусун чыгара электигин айтып, талкууну кийинкиге жылдыруу сунушун билдирген. Натыйжада бул сунушту депутаттар колдоп беришти.

Жыл башында Жогорку Кеңештеги Адам укуктары боюнча комитет акыйкатчы Турсунбек Акундун ишине байланыштуу атайын комиссия түзгөн. Буга мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун тушунда иштеген кызматкерлердин кысмакка алынып жатканын белгилеген арзыдары себеп болгон. Турсунбек Акун бул дооматтардын негизсиз экендигин белгилеп келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG