Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

“Ар-намыс” кеңири коалициянын түзүлүшүн четке какпайт


Мындай билдирүүсүн “Ар-намыс” фракциясы бүгүнкү өз ара жыйынынан соң таркатты. Билдирүүгө ылайык, буга чейин «Ата-Мекен», «Ар-Намыс», «Ак-Шумкар», «Акыйкат», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш» жана «7-апрель жаштар кыймылы» саясий партияларынын ортосунда кеңири коалиция түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр болгон. Бул демилегелер азыркы коалицияга кирген фракциялардын өкүлдөрү тарабынан оң бааланган. “Мындан улам “Ар-намыстын” 10 депутатынын азыркы коалицияга кирүү чечиминен соң бул багытта сүйлөшүүлөрдүн башталганы тууралуу сөз кылууга болот”, - деп жазылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда, билдирүүдө аталган он депутаттын позициясы “Ар-намыс” фракциясынын расмий чечими эмес экендиги кошумчаланган. Кеңири коалицияны түзө турган партиялардын саны, кызматташуунун конкреттүү шарттары азырынча талкуулана электиги эскертилген.

Бүгүн “Ар-намыс” фракциясынын он депутаты азыркы саясий кырдаалды эске алуу менен парламенттеги көпчүлүктү түзгөн коалицияга кире тургандыгын билдирип чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG