Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

Арменияда шахмат мектептен окула баштады


Арменияда 1-сентябрдан тарта башталгыч класстын окуучулары үчүн шахмат сабагы киргизилет. Өкмөт мектеп балдарынын интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүү үчүн 480 миң доллар бөлдү. Шахмат сабагы билим берүү министри Армен Айвазяндын сөзүнчө, Арменияны “шахматтык супер державага” айлантууга өбөлгө түзөт. Шахмат оюну Арменияда өтө популярдуу. Азыр Дүйнөлүк шахмат федерациясынын тизмесиндеги үчүнчү мыкты оюнчу-Армения жараны Левон Аронян. Дүйнөнүн тогузунчу чемпиону Тигран Петросян теги тбилисилик армян болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG