Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Базар-Коргондо камактагылар кыйноого кабылганы кабарланууда


Жалал-Абад облусундагы «Справедливость» укук коргоо уюмунун жетекчи орун басары Абдумалик Шариповдун «Азаттыкка» билдиришинче, 14-апрелде Базар-Коргон районундагы убактылуу кармоочу жайда камакка алынган айрым адамдарга абак кызматкерлери кыйноо көрсөткөн. Мындан улам абактагы жакындары кыйноого кабылганын айтып, үч тургун аталган уюмга арыз менен кайрылган. Ошондой эле абакта жаткан Рустам Жээнбеков деген адам кыйноолордон улам курсагын тилип жибергенге чейин барган.

Мындан улам «Справедливость» уюму Базар-Коргондо абактагыларды кыйноо адатка айланганын белгилеп, буга чейин бул жерде укук коргоочу Азимжан Аскаров кысымга кабылганын жазып билдирүү таркатты.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Таалайбек Суусунбаевдин «Азаттыкка» билдиришинче, Базар-Коргондогу убактылуу кармоочу жайда эч кандай кыйноо фактылары болгон эмес жана мындай дооматтар негизсиз. Анын айтымында, 14-апрелде абактагы укук коргоо кызматкерлери ар күнкүдөй абакты кароодон өткөрүү учурунда адам өлтүрүү фактысы боюнча соттолгон бир адамдын колунда кесүүчү темир болгон. Укук коргоо кызматкерлери аны алууга аракет кылганда, ал адам өз ичин кесип жиберип, жеңил жаракат алган. (KKs)

XS
SM
MD
LG