Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Мубаракты госпиталда сакчылар күзөтөт


Египеттин мурдакы президенти Хосни Мубарак Шарм ал-Шейх курортундагы ооруканадан аскерий госпиталга которулуп, күзөт астында болот. Бул жөнүндө өкмөттүк MENA агенттиги Башкы прокурорлукка шилтеп 15-апрелде маалымдады.

30 жыл Египетти 30 башкарган Мубарак февралдагы элдик козголушта бийликтен оодарылгандан бери Шарм ал-Шейхте жашачу. Ал апта башында тергөө учурунда жүрөгү кармап, оорукунага жаткырылган. Египеттин баш прокурору шаршемби күнү Мубаракты жана уулдары Алаа менен Гамалды 15 күнгө камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Мубарак анти-өкмөттүк демонстрациянын катышуучуларын өлтүргөн, казынага кол салган, бийлик укуктарын бейчеки пайдаланган деп күнөөлөнүүдө.

XS
SM
MD
LG