Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Дүйшөмбү күнү фракциялар ортосунда сүйлөшүүлөр болоору күтүлүүдө


Бул тууралуу КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, келе жаткан дүйшөмбү күнү үч фракция жана ага кошулууну каалаган «Ар-намыс» фракцияларынын депутаттары бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө. Анда коалициялык келишимге байланыштуу маселелер, акыркы жагдайга карата тактоолор талкууга алынат.

Кечээ “Ар-намыс” фракциясынын он депутаты Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаалды эске алуу менен парламенттеги көпчүлүктү түзгөн коалицияга кире тургандыгын билдирип чыккан. Ошондой эле КСДП менен “Республика” фракциялары коалициялык келишимдеги айрым милдеттенмелерден баш тартканы кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG