Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

17-апрелде айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 17-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаайт. Тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетсе, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин болот.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16 градус болот. Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 0 …5, күндүз 10…15 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градус жылуу болмокчу. Тоолордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градус болмокчу.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9 градус жылуу, күндүз абанын температурасы 18…20 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG