Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

«Ата-Түрк» паркында мыйзамсыз жер берүү боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, парктын айланасындагы соңку жагдайлардан улам, сейил бакта берилген жер тилкелеринин мыйзамдуулугу текшерүүгө алынган. Ага ылайык, 2008-жылдын июнь айында Бишкек мэриясынын айрым кызматкерлери тарабынан «Ата-Түрк» паркындагы 11 гектардан ашык жер турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүнгөнү аныкталган. Жердин бөлүнүшү шаардын башкы планына киргизилген эмес. Мындан улам шаардык мэриянын ошол учурдагы кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жер мыйзамын бузуу беренелери боюнча иш ачылды. Конкреттүү кимдерге иш козголгону ачыктала элек.

“Ата-Түрк” сейил багында турак-жайлардын салынышына бир катар жарандар, экологиялык кыймылдар каршы пикирин билдирип келишет. Алар буга чейин аталган маселе боюнча чукул чара көрүүгө чакырып, президентке кайрылуу жөнөтүшкөн. Бишкек шаар бийлиги аталган сейил бактагы курулуш иштеринин мыйзамдуулугун иликтей баштаганын “Азаттыкка” курган маегинде мэр Иса Өмүркулов билдирген болчу.

28-февралда Жогорку Сот "Ата-Түрк" сейил багындагы курулуштарга коюлган мораторийди алып салган шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Бир катар экологиялык уюмдар бул чечимди тааныбай, каршылык аракеттерин уланта тургандыктарын кабарлашкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG